Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы иш-аракеттер планынын долбоору талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жарандыгы жок жактарды документтештирүү боюнча жумушчу топту түзүүнү тапшырды. Ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдеринин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоо боюнча жумушчу топ түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.