Бүгүн, 29-мартта Өзбекстанда өтүп жаткан "Navruz Cup 2022" эл аралык мелдешинин алкагындагы Тажикстан курама командасына каршы оюнда Ак шумкарлардын оюнчусу Одилжон Абдурахманов кызыл айып кагазын алды.
Беттештин 52-мүнөтүндө Одилжон Абдурахманов нааразычылыгын билдиргени үчүн калыс кызыл айып кагазын көрсөтүп, каршылашка пенальти коюп берди. Жыйынтыгында Тажикстан бир гол киргизип кетти.
Мындай учурда кызыл айып кагазын көрсөтүү дээрлик мүмкүн эмес болчу.
Буга чейин оюнчулар ортосунда кагылышуу орун алып, Гүлжигит Алыкулов кызыл айып кагазын алган.
Учурда Кыргыз курамасы бир оюнчуга аз болуп оюн алып барууда.