Ош шаарында уурулук менен алектенген жаран колго түшүрүлдү. Шаардык милициядан кабарлашкандай, кармалган жаран мурда сот жообуна тартылган.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, Чоӊ-Алай районунун 1991-жылы туулган С.М. аттуу тургунунун үстүнөн беш арыз түшкөн.
"Шектүү буга чейин да уурулук менен алектенип, сот жообуна тартылган. Жазасын өтөп чыккандан кийин ал кылмыш жасоону уланткан. Акыркы жолу Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы соода түйүндөрдүн биринде 22 жаштагы кыздын iPhone 11 Pro Max (баасы 55 миӊ сом) телефонун уурдап кеткен.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ага карата "уурулук" беренеси менен тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешет милициядан.