Бишкектин мэриясы: "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча сунуштарды күтөбүз"

"Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча сунуштарды күтөбүз", - деп Бишкек шаарынын мэриясы кайрылуу жасады.

Президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобонун долбоорун даярдоодо.
"Урматтуу шаардыктар! Токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүүдөн мурун Ukaz54@meria.kg почтасы жана 0 312 61 07 34 телефону боюнча сунуштарыңызды күтөбүз", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан