Кыргыз өлкөсүнүн окуучулары биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
12-мартта Биология боюнча британ олимпиадасы – 2022 болуп өттү. Быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңден ашуун окуучу катышты. Кыргыз өлкөсүнөн 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты.