Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 28-марттан тарта өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жумушчу сапардын алкагында Арзыбек Кожошев Бириккен Араб эмиратынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Арзыбек Кожошев Бириккен Араб эмиратынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Арзыбек Кожошев эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдаларына ишеним билдирди.