Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. 27-март - Эл аралык театр күнүндө чыгармачыл жамаат акын, драматург Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде даярдалган "Төлгө" аттуу спектаклди тартуулашты.
Театр коронавирус пандемиясынан жана капиталдык оңдоодон улам көпкө чейин көрүүчүлөр үчүн жабык турган. Аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн. Былтыркы жылы ал каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери алмаштырылып, жылуулук берүү системалары калыбына келтирилген. Ошондой эле жаңы көшөгөлөр, отургучтар жана LED экран сатып алынган.
Белгилей кетсек, аталган театр 1926-жылы негизделген. Азыркы имараты болсо 1972-жылы пайдаланууга берилген. Театрды оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң 95 жылдык мааракесине карата ачылды.