29-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде режиссёр Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинин 2-премьерасы болуп өттү.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, театр жана искусство дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Эскерте кетсек, театралдык сезондун ачылышы 27-март - Эл аралык театр күнүндө болгон. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл инсандар катышкан.