Бүгүн, 30-мартка караган түнү 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары өттү.
Оюндар кызыктуу болуп, төмөнкү командалар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды: Португалия, Польша, Сенегал, Гана, Тунис, Марокко, Камерун.
Муну менен Дүйнө чемпиондугуна катыша турган жалпы 32 команданын 27си белгилүү болду.
Дүйнө чемпиондугуна Европадан катыша турган командалар: Англия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Голландия, Польша, Португалия, Сербия, Франция, Хорватия жана Швейцария;
Азиядан: Иран, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея жана Япония;
Африкадан: Гана, Марокко, Сенегал, Камерун, Тунис;
Түштүк Америкадан: Аргентина, Бразилия, Эквадор, Уругвай;
Түндүк Америкадан: Канада.
Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартуу аземи 1-апрель күнү Доха шаарында өтөт.