Ырчы Мурат Ниматов 1 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Уулкан аттуу кызга баш кошуп, түгөйлөрдүн үлпөт тою 29-мартта Ош шаарында орун алды. Жакшылык кечеге эки жаштын жакындары, жоро-жолдоштору, кесиптештери, шоу-бизнестин өкүлдөрү күбө болушту.
Тойдо Аман Ибраев тамадалык кылып, эки жаштын өкүл ата, өкүл апасы Кубаныч Жусупов менен Назгүл Насиева болду.
"Тойдо жар-жар айтылган жок, "Келинчегим бол" деген ырым менен жубайымды залга алып кирдим. Кеченин аягында келинчегиме арнап жазган "Татынам" аталышындагы ырымды биринчи жолу ырдап, ак бийге түштүк", - дейт ал.
Ал "Гүл кыздар", "Студент кыз", "Махабатым арманым", "Таарынчагым" деген ырлардын аткаруучусу.