Ошто жарандарга үй алып берүүнү убадалап, абитуриенттерди алдоого шектүү кармалды

Ош шаарында 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн 33 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган жаран Кадамжай районунун тургуну.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө анын үстүнөн 13 арыз түшүп, 209-берене (алдамчылык) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
"Шектүү жарандарга өзүн таасирдүү адам катары тааныштырып, ар кандай жардамдарды сунуштап, алардан ири суммадагы акчаларды алып, изин жашырып жүргөн. Алсак, Ош шаарынын 58 жаштагы тургунуна "Фуркат айылынан 6 сотых жер тилкесин алып берем" деп алдап, 32 миӊ сом акчасын алып изин жашырып кеткен. Ушундай жол менен эле дагы бир жаранга Ишкаван айылынан 6 сотых жер убадалап 40 миӊ сом алып изин жашырган. Ал эми үчүнчү жаранга Ош шаарынын Шеит-Дөбө аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, 1000 доллар жана 80 миӊ сом акча алып качып кеткен. Андан тышкары былтыркы жылы айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүн дагы алдап, акчаларын алып, жогорку окуу жайына өткөрүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып изин жашырып кеткендиги аныкталды.
Шектүү мурда ушундай эле аракеттери үчүн 2 жолу соттолгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешет милициядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан