Сокулукта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган адам 8 жылга соттолду

Сокулук райондук соту жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган адамды 8 жылга соттоду. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Өзбекстандан келген 23 жаштагы М.М. аттуу адам былтыр, 2021-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы тандырда иштеп жүрүп А.Н. аттуу аял менен таанышкан. Ал аял 2006-жылы төрөлгөн Х.к.Р. аттуу кызы менен тааныштырган. Март айынан баштап айыпталуучу ал кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаган.

2021-жылдын июль айынын аягында айыпталуучу М.М. өспүрүм кыз Х.к.Р. жана анын апасы А.Н. Бишкек шаарына келип, чогуу жашап калышкан. Көп узабай айыпталуучу жашы жете элек Х.к.Р. менен чогуу Сокулук районунун Селекционное айылына качып кетишип чогуу жашай башташкан. Кыздын 16 жашка чыга электигине карабай айыпталуучу Селекционное айылындагы үйлөрдүн биринин короосундагы тандыркананын ичинде аны менен бир нече жолу жыныстык катнашка барган.

Экспертиза кыздыгы бузулганын аныктаган

Соттук иштин алкагында дайындалган медициналык экспертиза жабырлануучунун кыздыгы жоктугун, бирок арадан көп убакыт өтүп кеткенине байланыштуу качан бузулганын так аныктай алган эмес.

Ошондой эле дарыгерлер кыз психикалык жактан жабыркабайт, өзүнүн аракеттерин көзөмөлдөй алат, медициналык жардамга муктаж эмес деп аныктама чыгарып беришкен.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү

Соттогу айыпталуучунун көрсөтмөсүнө ылайык, ал жабырлануучу кыз Х.к.Р. менен анын апасы А.Н. аркылуу таанышкан. Ал А.Н. аттуу аял менен Кара-Суу районунда тандырда иштеп жүрүп таанышып калган. Ошондо жабырлануучунун апасы ага “үйлөнөм десең, кызым бар, берем” деп айткан. Кызды апасы өзү алып келип “үйлөнүп жашагыла” деп тааныштырган. Кызды ага таштап, апасы кайра Ош облусуна кетип калган. Кыз менен 2-3 жолу жыныстык катнаш болгон, бирок анын 16 жашка чыга электигин билген эмес. Экөө таанышканда жабырлануучу 17 жаштамын деп айткан. Аны жакшы көрүп, үйлөнөм деп ойлоп жүргөн. Эгерде кыздын жашы 16га чыга электигин билгенде тиймек эместигин айткан.

Ал эми жабырлануучу Х.к.Р. сот учурунда Кыргызстанда эместиги аныкталган.

Өкүм:

23-мартта бул иш Сокулук райондук сотунда каралган. Анда сот иштин материалдары менен таанышып, 23 жаштагы М.М. аттуу адамды күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөсүн деп өкүм кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан