Бүгүн, 30-мартта футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Ташкент шаарында Өзбекстан курама командасына каршы экинчи жодоштук беттешин өткөрөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Кечээ, 29-мартта өткөн биринчи жолдоштук беттеште кыргыз футзалчылары Өзбекстанга 4:2 эсебинде жеңилип калган.
Өзбекстан менен болгон бул жолдоштук беттештер 10-13-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өтүүдө.