"Манас" аэропортунда эжесинин паспорту менен Түркияга учууга аракет кылып жаткан кыз кармалды

Бүгүн, 30-мартта “Манас” аэропортунун өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргыз жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Стамбул каттамындагы паспорттук текшерүүдөн өткөрүү учурунда чек арачылар 1985-жылы туулган К.П. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан.

"Анын паспортун текшерүү учурунда документти алып жүргөн адамдын сырткы келбетинде паспорттогу сүрөтү менен айырмачылыктар аныкталган. К.П. 1981-жылы туулган К.С.нын атына таандык паспортту көрсөткөнү белгилүү болду. Кармалган жарандын айтымында, паспорт анын эжесине таандык", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан