Жалал-Абадда милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Жалал-Абадда милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда Жалал-Абад шаарынын аймагында чала тааныш Дастан аттуу бала “көчө баласымын” деп коркутуп, 20 миң сом акчасын алып койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектелип ИИМде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Чаян каймана аттуу Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Д. кармалган.

Учурда шектүүнүн облус аймагында болгон башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан