Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Мырза Жаманбаевди сабоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Окуя 23-мартта саат 20:30 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Анда шектүү жабырлануучуга кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Анын натыйжасында жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бул факты боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, М.А. аттуу 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.