Прокуратура: “Унаа” мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 миллион сом зыян келтиришкендиги аныкталды

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7 миллион 800 миң сом зыян келтиришкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан ИИМдин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Анда аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан Sigma Compact 200 үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводу кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылгандыгына карабастан мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөнү, натыйжада мамлекетке 7 миллион 803 миң 165,01 сом зыян келтиргендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан