Футзал: Кыргыз курамасы Өзбекстанга экинчи ирет жеңилди

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Ташкентте өткөн экинчи жолдоштук беттеште Өзбекстанга 2:1 эсебинде утулуп калды.

Оюн бүгүн, 30-мартта өттү. Кыргыз курамасынан голду беттештин15-мүнөтүндө Мухаммед Аскарбеков киргизди. Беттештеги 3 гол тең биринчи бөлүктө жаралып, командалар башка мүнөттөрдө эсеп санын өзгөртө алган жок.

Кечээ, 29-мартта өткөн биринчи жолдоштук беттеште кыргыз футзалчылары Өзбекстанга 4:2 эсебинде жеңилип калган.

Өзбекстан менен болгон бул жолдоштук беттештер 10-13-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан