Бишкекте окуу жайдын жатаканасынан чыккан өрттөн 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин районунун Махатма Ганди көчөсүндөгү өрт чыккан жатаканадан 4 адам эвакуацияланып, анын экөө жабыркап “Тез жардам” унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Бишкек финансы-экономикалык окуу жайынын жатаканасында өрт чыкканы кабарланган. саат 14:29да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.