Чүйдө дөңсөөдөн топурак урап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-мартта саат 8:30 чамасында Аламүдүн районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолу менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги дөңсөөдөн топурак урап түшүп, 1 эркек кишини басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, саат 10:05те эркек адамдын жансыз денесин чыгарып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда каза болгон жарандын аты-жөнүн тактоо жана окуяны иликтөө иши жүрүүдө.