Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында кароосуз калган жана иштеген балдарды, кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Рейддерге балдар комиссиясынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү жана үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү катышты.
Комиссия “Азиз”, “Кудайберген”, “Сары-Өзөн” базарларында болуп, түнкүсүн компьютердик клубдарды текшеришти. "Натыйжада кайыр сураган балалуу аял аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө, ал эми бала болсо Балдарды жана үй-бүлөнү өнүктүрүү мамлекеттик реабилитациялык борборуна жеткирилди.
Ошондой эле күндүз "Азиз" базарында ата-энесине жардам берип жүргөн жашы жете элек өспүрүм, түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн бала аныкталды. Келечекте мындай фактылар кайталанбашы үчүн балдардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Бекитилген графикке ылайык, бул багыттагы иштер улантылат жана көрүлгөн ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен райондун аймагында аныкталган балдар жана өспүрүмдөр боюнча талдоо жүргүзүлүп, оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн балдарына тийиштүү социалдык жардам көрсөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.