Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 22-март күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы соода базарынын кире беришинде турган учурда бейтааныш адам Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефонун “сүйлөшүп алайын” деп алдап алып, кайра бербей качып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1984-жылы төрөлгөн А.И. аттуу адам кармалган. Далил буюм катары Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефон алынган.
Учурда жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен кайтарылып берилип, тергөө амалдары уланууда.