Дубайда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси болуп өттү

2013-жылдын 23-ноябрында Дубайда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 
Аталган кече Кыргызстандын башкы консулдугу менен “Султан бин Али Аль Овейса” маданий фонду тарабынан уюштурулган. .
Кечеде башкы консул Кубанычбек Өмүралиев менен “Султан бин Али Аль Овейса” маданий фондунун аткаруучу директору Абдул Илах Абдул Кадерге сөз берилип, алар Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында сөз кылышты. 
Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Өзбекстандын консулдары, жазуучунун күйөрмандары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бул кеченин коноктору болушту. Келген конокторго “Жамиля” кинотасмасы көрсөтүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан