“Жер саткан”. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы К.М. жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга менчик турак жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан