Балыкчыда "Байрактардын" машыгуусу өтүүдө. Ага Садыр Жапаров катышып жатат (фото)

Ысык-Көл облусунда «Байрактар» сокку уруучу учкучсуз учактарын колдонуу менен тактикалык машыгуу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга Садыр Жапаров көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу.

Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.

Машыгуунун жүрүшүндө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

Эске салсак, УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан