Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турусбек Жумалиев кош майрамдын урматына Бишкектеги тойканалардын биринде элге той берди.
"Быйыл пайгамбар жашына келип калдым, анын үстүнө наам алдым. Ошол экөөнү бириктирип, элден бата алуу максатында той берип жатам", - дейт Турусбек Жумалиев.
"Адамдар менен жолукканда эле "Турусбек, сен эми качан аласың Эл артисти деген наамды?" дешкенде, мен дагы ичимден эми алышым мүмкүн деп ойлочумун. Мына мынтип 2 жакшылыгымды өткөрүп жатам, апам менен жубайым ушул жакшылыгымды көрүшсө болмок...", - дейт Турусбек Жумалиев.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.