Таласта электр тармагына керектелген 5 миллион 475 миң сомдук зыян өндүрүлдү

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Тергөөдө Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары "Чат-Базар" көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан мамлекетке 5 миллион 475 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери О.А.П жана О.А.С. кылмыш жоопкерчилигине тартылышты", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан