Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын камакка алынган мурдагы башчыларынын ишин кароо Баткен райондук сотунан Лейлек райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаңы-Жер айыл аймагынын Бостон айылынын башчысы Сулайман Эргешев билдирди.
“Бүгүн, 31-мартта Баткен шаарында сот болуп, Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиевдин баш коргоо чарасы каралмак. Отурумда жактоочулар ишти Лейлек райондук соту кароосун өтүнүч кылышып, сот аны канааттандырды. Прокурорлор ага каршы чыгып, бир сот жактоочулардын аргументтерин жүйөлүү деп тапты”, - дейт Эргешев.
Ошондой эле ал лейлектик адамдардын жана Лейлекте болгон окуяга байланыштуу ишти Баткен райондук сотуна берүү башынан орунсуз кадам болгонун белгилеп, бул абактагы адамдардын тарапташтарын, жакындарын кыйынчылыкка кабылтканын айтты.
“Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиевдин үстүнөн арыз жазгандар экөө Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагын эки башка учурда жетектеп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп кайрылышкан. Лейлек менен Баткендин ортосу 200 чакырымдан ашуун, жөн эле адамдарды кыйнап бир райондогу ишти экинчи райондук сотко берип салуу акылга сыйбас иш. Алардын негизги жүйөсү ишти Баткен райондук прокуратурасы козгогону болгон. Жүздөй адамды ары-бери сүйрөбөй, бир прокурор Лейлекке келип иш алып барса болбойт беле”, - дейт Эргешев.
Ошондой эле мурдагы айыл жетекчилери Жалилов менен Эгембердиевди каралап, каматышууда деген пикирин айтты.
“Бул эки жигит мамлекетке миллиарддап зыян келтирген адамдын ишин айтып чыгышкан. Ошондон көп узабай эле айылдык кеңештин 3 депутаты алар айылга жетекчи болуп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп арыз жазып каматып койду. Бирок акыйкаттыкты сүйлөгөн эки жигиттин аркасында жүздөгөн колдоочулары бар, Лейлектен Баткенге чейин сотко барып келишүүдө. Баарыбызды камай албайт, акыйкаттык үчүн күрөштү токтотпойбуз”, - деди Эргешев.
Эскерте кетсек, март айынын орто ченинде иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков «Баткендин Березовскийлери» жана “Баткенди байырлаган “бардак” аталыштагы видео материал жарыялаган. Анда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын мурдагы жетекчилери Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев Жаңы-Жерде жер тилкелери мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү тууралуу айткан. Видеодо Жаңы-Жерди 2005-жылдары жетектеген Турабай Бостонов жерлерди жана имараттарды өзүнө жана жакындарына мыйзамсыз каттап алганы айтылган.
Бир нече күндөн кийин Башкы прокуратура Исаковдун сюжетинин негизинде текшерүү жүрүп жатканын кабарлаган. Көп узабай Жалилов менен Эгембердиев жана айыл өкмөттүн учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы кабарланган.
Бир нече күн мурун Акжол Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Жалилов менен Эгембердиев абакта калган.