Жалал-Абадда менчикке берилип кеткен мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда менчикке берилип кеткен мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды.

Текшерүүдө Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы токтому менен Кара-Ой айылындагы мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын ичинен менчикке жер ажыратып берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер аянтын мамлекетке кайтаруу максатында Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген талаптын негизинде 1 миллион 70 миң сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан