Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утпай калган учурдагы Европа чемпиону Италия Дүйнө чемпиондугуна катышып калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ФИФА уюму Азиядан жолдомо уткан Иран курама командасынан жолдомону алышы мүмкүн. Себеби Иранда аялдардын стадионго баруусуна тыюу салынган.
Эгерде ФИФА Иранды Дүйнө чемпиондугунан четтетсе, Италия жолдомого ээ болот. Анткени алар квалификациядан өтпөгөн командалардын арасында дүйнөлүк рейтингде эң жогорку коэффициентке ээ.
Эске салсак, 25-мартта футбол боюнча Италия менен Түндүк Македониянын курама командаларынын ортосунда Катарда өтө турган дүйнө чемпиондугуна тандоонун алкагында жарым финалдык беттеш орун алды. Беттеш 1:0 эсебинде македониялыктардын жеңиши менен аяктаган.
Бул Италия курама командасынын катары менен экинчи Дүйнө чемпиондугуна катышпай калышы.