"Улуттук кийимдер көргөзүлүп...". Ырчы Тамганын жеке концертинен сүрөт баян

Кечээ, 31-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ырчы Тамганын “Ханыша кадамы” аттуу жеке концерти болуп өттү.

Ырчы концертке келгендерге ыраазычылыгын билдирип, алар чын жүрөктөн чыккан ырларды угуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле аталган концерттин форматы ак-кара түстөр менен айкалышканын, жашоонун ак-кара сызыгы болорун айтып өттү.

Мындан тышкары Тамганын “Рух” аталышындагы чыгармасы жаңырып, аны менен катар кыргыздын улуттук кийимдери көрсөтүлдү.

Концерттин башталышы: 18:30

Алып баруучу: Нурсултан Курсанали уулу

Коноктору: Нурбек Савитахунов, Өмүрбек Андарбеков, Эрмек Маматов, Кудайберди Айтбосунов, Баястан жана башкалар.

Өзгөчөлүгү: Жандуу үн менен аткарган ырлары, ырчы Баястан менен ырдаган "Ой бой" аттуу дуети.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан