Молдовановкадагы абакка баңгизат ыргыткандар кармалды

Молдовановкадагы №1 абакка белгисиз затты ыргытууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта 23:45 чамасында №1 күзөтүү мекемесине сырттан белгисиз затты ыргытууга шектелип 1995-жылы Тогуз-Торо районун Казарман айылында туулган Ч.у.Т. жана 1999-жылы Сокулук районунун Камышовка айылында туулган К.А. аттуу жарандар кармалды. Тинтүү учурунда алардын жанынан 4 даана скотч менен оролгон салмагы 2 килограмм 170 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгө зат табылган.

Окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирилип, Аламедин РИИБине катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан