Ыңгайлуу жана бат! Орозо-битирди MegaPay тиркемесинде онлайн төлөңүз

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын жана Орозонун башталышы менен куттуктайт. Муну менен катар эле MegaCom бардык абоненттер орозо-битир, зекет, жана жетим балдарга каалаган кайрымдуулук суммасын MegaPay тиркемеси аркылуу которо ала тургандыгын эсиңиздерге салат.

Бардык мусулмандарга берүүгө сунушталган орозо-битирден топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Орозо-битирди кантип төлөсө болот?

· App Store же Google Play’ден MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо керек;

· андан кийин «Төлөм» бөлүмүнө кирип ал жактан «Кайрымдуулук» баракчасына өтөсүз;

· «Орозо-битир», «Зекет» же «Жетим балдарга» баракчасын тандаңыз;

· «Реквизиттер» катарына телефон номериңизди жана кайрымдуулуктун суммасын жазыңыз.

Ошондой эле Орозо-битирди MegaPay аркылуу «QR-төлөм» бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеп жана сумманы көрсөтүп которсо да болот.

Садага-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинде төлөп кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана ар бир үй-бүлөгө токчулук, молчулукту каалайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан