УКМК өздөрүн Камчыбек Ташиевдин жардамчысы катары көрсөтүп жүргөн адамдарды кармады

УКМКнын жалган кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-мартта УКМК тарабынан өзүн УКМКнын кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып, элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Э.Осмонали аттуу жаран кармалган. Январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикстандын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазынын ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул факты боюнча Э.Осмоналиге карата УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде бул адамдан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 66-04-75

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан