Москвада 111 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннесс китебине" кирүү аракети эмне болду?

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн Москва шаарында манас айтканы маалым. Иштин жайын билүү үчүн манасчынын жубайы Ырыс Окенова менен байланыштык.

"Ал иш бүтө элек. Буга көп убакыт жана эмгек талап кылынат экен. Жаңылык болсо сөзсүз айтабыз", - деди Ырыс Окенова.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын август айында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айткан. Манас айтуу иш-чарасы Орусиядагы Кыргыз элчилигинде салтанаттуу түрдө өткөн. Анда Дөөлөт Сыдыков 111 саат манас айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан