Бишкекте апрель айында футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 10-13-апрель күндөрү футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Бишкек тандап алуу этабынын эки тайпасынын оюндарын кабыл алат.
«А» тайпасында орун алган Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.
Андан сырткары «В» тайпасынын Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал курамалары ортосундагы оюндар өтөт.