Көптөн күткөн айлардын султаны болгон Рамазан айы да кирип келди. Бүгүн түнү ооз бекитилип, орозо тутулат.
Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт? Кандай учурда орозо бузулат? Оозду өз убагынан кеч бекитсе эмне болот? Маселен, орозону биринчи кармап жаткан адамда ушул өңдүү суроолор болушу мүмкүн. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы орозо учурундагы ар кыл суроолорго Муфтияттын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулунан жооп алды.
Орозонун пайдалары
Балакатка жеткен, акыл-эстүү, дени-сак адамга Рамазан айында орозо кармоо парз. Орозонун эң биринчи пайдасы – Алла Тааланын алдындагы парзды аткарган болобуз. Бул үчүн сооп алабыз. Ошондой эле орозо туткан адам 30 күн бою бир режимди карманып, бир калыпта тамактанып, өзүн-өзү тарбиялайт. Муну менен ал өзүнө жакшы адаттарды өздөштүрөт. Орозодо ачка болгон учурда муктаж болгон адамдардын да деңгээлин түшүнө алабыз. Мисалы, бардык адамдарда эле тамактанууга, курсагын тойгузууга мүмкүнчүлүктөр боло бербейт. Ошондуктан алардын абалын түшүнгөнгө да жардам берет. Мындан сырткары медицина жагынан алып караганда да ден соолукка пайдалуу.
Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт?
Балакатка жете элек балдар, боюнда бар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат. Мындан сырткары ооруп жаткан жана улгайган адамдарга, сапарда жүргөндөргө уруксат. Ал эми канча күн карыз болгон болсо, ошончо күндү кайрадан кийинки Рамазанга чейин кармап берүүсү керек.

Орозо кайсы учурда бузулат?
- Атайылап суу, тамак-аш ичип же жубайлар жыныстык катнашка барган болсо орозо бузулат;
- Чылым, насвай чеккен учурда адамдын оозу ачылып калат. Андыктан чылым, насвай чеккенге болбойт;
- Сагыз чайнаганга болбойт. Ооз ачылып калышы ыктымал.
Орозо кайсы учурда бузулбайт?
- Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алса орозо бузулбайт. Андай учурда оозу жабык экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп, орозосун уланта берсе болот. “Жеп алдым, демек, орозом бузулду” деп жеп жатканын уланткан болбойт;
- Эгер адам кусуп, кайра жутпаган болсо орозо бузулбайт;
- Тишти дарылоо учурунда суюктук кекиртектен ары кетпесе ооз ачылбайт. Бирок колдон келсе орозого чейин дарылаган жакшы.
- Денеден кан, ириң акса орозо бузулбайт;
- Ийне сайдырып, капельница алса ал орозого эч кандай таасир этпейт;
- Сууга түшүү жана оозду чайкоо учурунда ооз ачылбайт. Бирок этият болуу керек;
- Шилекейди жутса орозо бузулбайт;
- Косметикалык каражаттарды (крем, ооз боёгуч) колдонсо орозо бузулбайт.

Ниетибиз түз болушу керек
Чын ыклас менен орозо кармайм десең баары жеңил өтөт. Ооз бекитүү алдында майлуу, суусата турган тамак-ашты жебегенибиз оң. Сууну көп ичишибиз керек. Себеби организмде суу жетиштүү болсо орозо учурунда чаңкабай жүрө алабыз. Буйруса, бул кармаган орозобуз жеңил эле өтөт деп ойлойм. Себеби орозо күндүн кыскараак убагында болуп жатат. Башкысы ниетибиз түз болушу керек.
Ооз ачканда сууну толук ичүү керекпи?
Жок. Ооз ачуу керек десе эле бир идиштеги сууну толук ичүү керек эмес. Дегеним, суу тамактан ары өтсө эле ооз ачылды дегенди түшүндүрөт. Суу жок болсо, курма же жашылчалар менен ачса болот.
Эгер уктап калып, убагында ооз жаппай калсаңыз...
Ооз бекитүүгө тура албай калсаңыз эч нерсе жебей туруп, дароо ниет кылууңуз шарт. Бирок өз убагында ооз бекитүүгө жетишпей калып, андан соң суу ичип алып ниет кылгандар да бар. Мындай учурда орозо өтпөйт. Негизи эртең менен тамак ичип, ооз жапкан жакшы. Ошондой эле өз убагында ооз бекитип, ооз ачкан да өтө маанилүү.
Ооз ачуу жана бекитүү алдында даарат алуу шартпы?
Жок. Бирок мусулман катары ар бир адамга намаз окуу парз.
Орозонун казаларын кантип толтуруу керек?
Орозо бүткөн соң канча күн карыз болсо, ошончо күн кармап берет.
Орозо кармаган адамдын алдында тамак жесе күнөө болбойбу?
Рамазан айында орозо кармаган адамдын алдында, өзгөчө көчөдө тамак жесе адепсиздикке жатат.

Тиш пастасын колдонуу – макирөө. Себеби аны колдонгондо даамы келиши мүмкүн. Ошондуктан тишти ооз бекиткенге чейин жууп койгон жакшы.
Орозодо тилди, көздү да сакташ керек. Бул өтө маанилүү.