Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев эки айга СИЗО-1ге камакка алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Чыңгыз Мамаевдин үстүнөн чет элдик жаранды зордуктоо боюнча арыз түшкөн. Андан кийин ал кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.
Милиция бул боюнча кийинчерээк маалымат берерин билдирди.
Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган.