Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаевге карата 155-берененин негизинде (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берененин негизинде катталган. Кылмышка шектүү М.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти Свердлов райондук милициясынан.
Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган.