ФИФА уюму Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун толук графигин расмий сайтына жарыялады.
ФИФА жарыялаган жаңы графикте турнирдин ачылыш аземинде Сенегал менен Нидерланды курама командалары ойнойт.
Бул беттеш 21-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Салтка ылайык, турнирдин кожоюну катары Катар Дүйнө чемпиондугун ачышы керек болчу. Бирок алардын Эквадор менен беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 22:00гө жылдырылды.
Кечээ, 1-апрелде Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартуу аземи болуп өтүп, 32 команда 8 тайпага бөлүнгөн.