Футзал: Шохрух Махмадаминов улуттук курама команданын катарына кошулду (фото)

Футзалчы Шохрух Махмадаминов футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын катарына кошулуп, машыгуусун баштады. Бул тууралуу футзал ассоциациясынан кабарлашты.

Учурда улуттук курама команда Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүп, машыгууларын Бишкекте өткөрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Тандоо туру 10-13-апрель күнү Бишкекте өтөт.

Анда "А" тайпасында орун алган Кыргызстан улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.

Мындан тышкары Бишкекте "В" тайпасынан Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал курамалары ортосундагы оюндар өтөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан