
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 23 жаштагы жаран 4-кабаттан боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"2-апрель күнү саат 13:49да Кызыл-Кыя шаарындагы 4 кабаттуу имараттын чатырынан А.Т. аттуу жаран боюн таштоого аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын башчысы С.Эргешов баштаган куткаруучулар жана Кызыл-Кыя шаардык куткаруучулар бөлүмү тартылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин 23 жаштагы А.Т. аттуу жаранды куткаруу иши ийгиликтүү аяктады", - деп билдиришти ӨКМдан.
Куткарылган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.