Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте Тажикстан курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, беттеш эртең, 4-апрель күнү болот. Бул беттеш жабык өтөт.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун тандоо туру өтөт. Тандоо туру 10-13-апрель күнү Бишкекте өтөт.
Анда "А" тайпасында орун алган Кыргызстан улуттук курама командасы дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири Иран, Түркмөнстан жана Мальдив менен кез келет.
Мындан тышкары Бишкекте "В" тайпасынан Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал курамалары ортосундагы оюндар өтөт.