Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө эки унаа кагышып, төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 2022-жылдын 1-апрелинде болжол менен саат 23:30 чамасында Аалы Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Toyota Ist жана Honda Civic үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Натыйжада Toyota Ist үлгүсүндөгү унаадан айдоочусу жана үч жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Ал эми Honda Civic үлгүсүндөгү унаадан бир жүргүнчү жабыркаган.
"Эки унаа тең ошол эле күнү убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.