Баткенде сарайдан өрт чыгып, 400дөй түк чөп өрттөндү

Баткен облусунун Баткен районунун Чек айылында сарай өрттөнүп, 400дөй түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрт кырсыгы кечээ, 2-апрель күнү 17:01де ктталган. Кырсык орун алган жерге 4 өрт өчүрүү кызматы тартылып, саат 18:56да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
"Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын 96 метр чарчы аянты күйүп, 89 даана шифер, 30 даана айырмач (стропила), 196 метр рейка жана 396 таңгакталган тоют чөп күйүп кеткен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан