7-март күнү Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн Нарын шаардык №16 ӨКБдан 7 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 киши тартылган", - деп билдиришти ӨКМдан.
Изделип жаткан 8 жаштагы Т.Т аттуу бала Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында жашачу.