Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, С.М. аттуу жаран 6-март күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жаран И.Н.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, И.Н. 4-март күнү алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, ижарага берем деген шылтоо менен 3 миң 500 долларлык Мазда үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган. Андан соң унаасын үчүнчү жактарга сатып, белгисиз тарапка качып кеткен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.Н. кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан