Сербияда өткөн бокс боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар 4 медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сербияда өткөн бокс боюнча Belgrade Winner Tournament аттуу мелдеште кыргызстандык спортчулар 4 медаль утушту. Анда Сейитбек Мунарбек уулу (57 килограмм салмак ченинде) алтын медаль, Өмүрбек Бекжигит уулу (80 килограмм салмак ченинде) ) алтын медаль. Нуржигит Дүйшөнбаев (51 килограмм салмак ченинде) күмүш медаль. Санжай Сейдакматов (57 килограмм салмак ченинде) коло медалга ээ болду.
Жалпы командалык мелдеште Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи.