Бишкекте үй ээсин үтүк менен кыйнап карактагандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну милицияга аны карактаган белгисиз адамдарга чара көрүп берүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анда окуя 29-мартта саат 10:00дөр чамасында болгонун, белгисиз эки киши үйүнө кирип моюнуна бычак такап, колдорун байлап кызыган үтүк менен кыйнаганын билдирген. Кийин каракчылар 27 миң сомун, уюлдук телефонун жана зер буюмдарды алып, из жашырышкан.
Бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, анын алкагында 30 жана 43 жаштагы эки киши шектүү катары кармалган.
Учурда кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.