Орусияда аялын жасалма акча менен шоппингге жөнөткөн кыргызстандык кармалды

Орусияга караштуу Татарстан Республикасынын борбору Казань шаарында жасалма акча жасоого айыпталып кыргызстандык жаран кармалганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 32 жаштагы кыргызстандык жаран өткөн жылдын жай айында Казань шаарында 29 даана 5 миңдик купюраларды колдонгон деп айыпталып жатат. Ошондой эле жарандык никеде жашаган аялына дагы жасалма акчаларды берип дүкөнгө жөнөткөн. Алардын арасында аялы 4 даана 5 миңдик жасалма купюрага алган телефон дагы бар.

Учурда бул окуя боюнча Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан